Кароолду кароол кайтарып…

    «Гүрт-гүрт»этип ат бир калыбында беде жеп жатты. Кыйладан бери тыт катардын түбүндө отурган ээси акырын өйдө болуп,кең талаага басып өттү. Муздак шамалдын илеби дароо сезилип дене боюңду калтыратып жиберет, жайдын аяк чени айрыкча түн бир окумда талаа ушундай шамал болуп тураар эле. Мына таза бышып жайнап жаткан дарбыз талаасы, андан ары табитиңи ача буркураган коондун жыты шилекей чубуртат. Тегерек азыр жылан сыйпагандай тынч, бу талааны коруган адам тээ баштагы кепесинде уктап жатса керек. Аттын ээси өтүгүн талпылдатпай тескерисинче мышыктай эле бут учунда барып дарбыздарды сыйпалай баштады. Колу илешкен биринчи дарбыз өтө бышып кеткенби айтор түбүнөн чарт жарылып калган экен, аны таштап кийинкисин кармалады эле абдан чоң чыкты, кулагын жакын алып барып чертип көрүп дароо сабагынан жулду, алыштарга суу коюлганына карабай ылайдан элпек өтүп коондун да мыктысын тандады. Экөөнү эки колго көтөрүп араң басып келаткан, капыстан күбүр-шыбыр үндү угуп торопойчосунан астындагы ылайга гүп түшүп тыңшап калды, эки атчан экен, тыт  катардын жанындагы жол менен өтүп кетишти. «О кудай, байкабай калгандары дурус болду, түн бир окумда темселеп бул экөө эмне кылып жүрөт дейм да?»,-деп сүйлөнүп ордунан турду. Туш келди ар кимдин бедесин ушундайча куруткан аты куп семирген, ойдолоктоп ордунда турбай ээсин да жүдөтүп шаштын алды анан ал ушул эле жердеги жүгөрүлөргө мүшөк ала келбегенине ичинен кейип койду…

    Деги ал эмне үчүн иш ордунда эмес, бул убакта иттен бетер сергек болуп айылдын тээ аяк жагындагы бир тарабы дан, экинчиси жашылча сактаган чоң муздаткыч кампасын кайтарыш керек эле го? Ушуну ойлоп кароол өзү да шыйлкыйып баратты, түн жамынып иш ордунан жылт коюп жылкысынын камын ойлоп жүрсө кайдан иште болсун. Кампага келип адатынча айланага калп эле көз жүгүртүмүш болуп коюп уктап калды.

    Арпа,буудай бышкандан баштап дан сактаган кампада иш тынбайт, мына дагы тонналаган жүгөрү түшүрүлдү. Экинчи муздаткыч кампа азырынча бош, бирок күз мезгили келип калды, жакында бул да мөмө-жемиш менен  жашылчага жык толот анан кышы менен сакталып сатылат.

    — Иш илгери болсун, жагдайыңыз кандай?-деди кампанын ээси жакын басып келип.

    -Жакшы шүгүр, иш эң жакшы!-деп жооп берди кароол.

    -Кампада көйгөй жокпу…?-деп баштаганда эле кароол сөздү бөлүп;

    -Жо,жок кандай көйгөй болсун,баары жайында.

    -Анда жакшы экен,чарчабай иштей бериңиз кароол аке, сизге ишенип…, сөздү кайрадан бөлүп;

    -Ооба, ооба кам санабаңыз, мен кайтарып турганда кампага чычкан да жолой албайт. Ушу сөздү бекер айттым деп ичинен өкүнүп калды, кампанын ичинде чычкандар ары-бери жүгүрүп жүргөнүн ишчилердин баары эле көрүп жүрөт го. Кампанын ээси ыраазы болуп кете берди, «мында анда-санда келип турчу, акыркы күндөрү эмнеге күн сайын каттап кабар алып калды, бир нерседен шекшип калып жүрбөсүн?»ушул сыяктуу ойлор заматта келип, бирок андай болушу мүмкүн эмес деп өзүн жоошутуп койду кароол.

    Көп өтпөй кампадагы ишчилерге капыстан жыйын өттү. Эмне болгонун эч ким биле албай бири-бирине шыбырап коюп турушту. Кампанын ээси маанайы суз отуруп, эң акыры кароол жетип келгенде чогулушту баштады.

    -Айтыңызчы кароол, бул жерде иштегениңизге канча болду? Күтүүсүз суроо, муну айтайы сурады.

    -Кампа курулуп ишке киргенден бери.  Негизи кампанын ачылганына деле көп жыл боло элек.

    -Мм…өзүңүз айтмакчы сиз кайтарган кампага чычкан да кире албайт деп ишенгем, бирок мында килейген эле келемиш жүрүптүр го? Кароолдун чекесинен тер кетти, жагымсыз жагдай болгону анык, ошентсе да сыр бербей;

    -Келемиш адашып кирип алган тура,-деди. Анда ачууланган кожоюн кыйкырып-бакырып урушмак болуп бирок анткен жок, ал ушундай токтоо киши болчу.

    -Сырттагы адамды чакырыңызчы!-деди ал  бир ишчиге ишарат кылып. «Мунусу ким болду эми?»-дешип ишчилер дале түшүнбөй турушат. Кароолдун болсо көзү чекчейип, жаны чыгып кетчүүдөй «сатып койгон экен куу митаам»,-деди ичинен. Кирген киши үнүн өктөм чыгарып шашпай, колундагы кагаздагы кандайдыр тизмелерди окуй баштады «күндүн мына числосунда мынча кап буудай(арпа,жүгөрү)кампадан уурдалып чыгып паланча деген жерге алпарылып сатылган» сөздөрүнүн мааниси ушундайча уланып барды, тизме ого эле көп. Элдин баары иштин чоо жайын эми түшүнүштү окшойт ооздорун ачып туруп калышты. Былыктары былтыйып чыгып калган кароол башын жерге салып үңкүйүп отурду, кызарып кеткен, тиги адам окуп бүтсө эле анын абийрин кошо ачып салмак болуп өзүнчө даярданды.

    -Мына баарыңар уктуңар, буга чейинки дан менен жашылча- жемиштердин эсеби чыкпай калып жүргөн учурлардын себебин түшүндүңөр деп ойлойм. Ошентип кампаны кайтарган бир эле кароол бар экени баарына белгилүү эле, а экинчи кароолдун тымызын бар экенин эч ким билген эмес. Чын эле күтүсүз окуя болду.

    -Токтогула! Кыйладан бери үңкүйүп отурган кароол үрккөн немедей ордунан тура калып мындай деди;

    -Мына бул мени каралап өзү сулуу чымчык болуп аткан кароолуңар жеткен куу түлкү экен. Керек болсо ал мени менен сүйлөшүп, алып чыгып сатышып акчасын тең бөлүшүп жеп жүргөн. Ишчилер «дуу»дей түштү, экинчи кароол болсо чочуган немедей түр көрсөтүп;

    -Акылыңыз жайындабы, бул эмне дегениңиз, кана анда далилиңиз барбы мени ууру деген? Кароолго кароол дайындадым деп кожоюн өзүн акылдуу сезип жүрсө бу эки митаам сүйлөшүп алып кампаны кошо курутайлы дешкен экен. Эки кароол айтышып жаакташа беришти, ишчилердин жини келип бака-шака, алар кожоюн азыр баарынын таш-талканын чыгарат же айласы түгөп жер тепкилеп ыйлашы мүмкүн деп күтүп турушкан, бирок ал тек гана мыйыгынан жылмайып;

    -Сырттагы адамды чакыргыла!-деди. Үчүнчү кароол кирип ишти жайгарбаганда, кылган кылмыштарын моюндабай эки кароол дагы көпкө талашып-тартышмак.

    Тойчиева Айжылдыз

Кароолду кароол кайтарып…: 1 комментарий

  • 09.06.2020 в 20:15
    Permalink

    Жакшы жазылыптыр. Авторго ийгилик!

    Ответ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *