Кемтик эмес менин дүнүйөм..

Кемтик эмес азыр дүнүйөм,

үмүтүмдү улап үзүлгөн.

Бирөө мага сүйүү таттырды,

сен өппөгөн, сылап жүзүмдөн.

далай ирет сага таарынган,

кайран ошол муздак түндөрүм.

баш тарттырып ошол баарынан,

курсагымда бакыт билгеним.

менден калган күйүт, жаранды,

бир сезимди ойноп өчүрдүң.

Сени билем ооба бая эле,

өзүңдү-өзүң алдап кечирдиң.

Кемтик эмес менин дүнүйөм..

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *