Курманбек баатыр

«Курманбек» XVI–XVIII кылымдагы тарыхый окуя менен тагдырды баяндаган эпос. Ал Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак доору» деп аталып, эл эсинде, оозеки чыгармачылыгында катаал кезең болгон XVI–XVII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга жана Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип жаралган тарыхый чыгарма. Чыгармада кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан Курманбек баатырдын жашаган аймагы, коңшу хандыктар менен түзгөн алакасы, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштары, достук, сүйүү, ата-бала мамилеси, ишеним жана анын жоголушу, үмүттүн учугу, жашоонун уланышы айтылат. Мында калмактарга каршы күрөш чагылдырылган. 

        Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турат. Конкреттештире келгенде калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарга карата баскынчылык жортуулдары, чабылып, чачылуу, кан төгүүлөр менен коштолгон калк тагдыры, элдин аларга каршы жүргүзгөн коргонуучулук, баатырдык күрөшү эпостун түзүлүшүнө негиз болот. 

Чыгармадагы элдик баатыр Курманбектин Ата Журт, Ата Мекен эгемендүүлүгү, азаттыгы үчүн аң-сезимдүүлүк менен өлүмгө жалтанбай барган эрдиги азыркы кыргыз коомунда да өзүнүн маани-маңызын жоготпой келет. 

Эпостун төрт варианты белгилүү. Биринчи вариантын Каюм Мифтаков 1923-жылы Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алган. Көлөмү 2500 сап ырдан турат.

Эпостун экинчи вариантын 1933-жылы Калык Акиев жазып тапшырган. Көлөмү 5500 сап. 

Үчүнчү варианты 1958-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган Каландаровдон жазылган. Көлөмү 360 сап. 

Ошондой эле жазуучу, фольклорист Асанбай Жусупбеков тарабынан “Курманбек” эпосунун жаңы варианты китеп болуп 2001-жылы жазылган.

Эпостун негизинде 1942-жылы элдик варианттын негизинде баатырдык «Курманбек» драмасы, Касымалы Жантөшевдин «Курманбек» драмасы, Аалы Токомбаевдин «Курманбек» аңгемеси жарык көргөн. 

Курманбек дастанын Тууганбай Абдиев, Айдараалы (Жөргөлөк), Осмонкул Бөлөбалаев,  Молдобасан Мусулманкулов,  Сарыкунан Дыйканбай уулу, Токтогул Сатылганов сыяктуу залкарлардан тарта азыркынын дастанчы акындарына чейин айтып келишет. Алардын арасында Роза Аманова, Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова бар.

Андан сырткары, эстарда ырчылары Гулзада Рыскулова, Дилара Жолдошевалар да дастандын ыргагын, ырдоо мотивин сактап, бирок азыркы эстраданын ыгына салып аткарып келишет. 

Курманбек баатырдын сөөгу Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы баатырдын күмбөзүно коюлган. Баатырдын  сөөгун изилдөө башатына жазуучу жана журналист Б. Ажымаматованын ангемеси себепкер болгон. 

2002-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленип, Жалал-Абад шаарынын кире беришинде «Курманбек» – кылымдар мурасы» аталган эстелик комплекс – дарбаза курулган. Ошондой эле баатырдын наамындагы айыл аймагы, эс алуу комплекси жана көчөлөр бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *