Меш

Алпурушуп,үйдө кечке меш менен, Ойлоп көрсөм канча отун кетпеген; Дарак болуп, көчөт кезде, чырпык да. Сенин гана күйбөйт меште эчтемең. Бул-менимче чоң эле бир жаңылуу, Биздин өмүр эбак меште жагылуу. Отко түшүп күйөт ар бир көз ирмем, Ошол үчүн ар бир күндүн табы улуу. Биз да меште чырпык кезде тутанып, Бак болгуча күйөбүз көп буталып. Түтүн болуп учат биздин өмүрлөр, Куурап, кабык болгучакты жукарып. Чын. Карасаң, дүйнө мешке окшошот, Алсызы өчсө, жаңы жалын от кошот. Салып коюп бир күнүмдү, жылынып, Олтурамын меш жанында от көсөп. Бүкалча Маматали кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *