Сары ит

    Күүгүм кирип келатты. Тегеректин баары боз тартып, майдалап жаап турган кар эми борошолой баштады. Жаз келээрине саналуу күндөр калганда кайрадан мынтип бороон-чапкын ызгытып, кыш кырын көрсөтүп жатканы эмнеси? Айыл ичи тынчтыкка бөлөнгөн, чырагы жанып,моорусунан түтүнү бурукшуп чыгып турган жылуу үйлөрдү аралай кең көчө менен аксаңдаган сары ит кар   жиреп келе жатты. Каардуу үшүк күчүн мактангандай шамал менен кошо ышкырат. Аксап калган алдынкы бутун аяп,башын жерге сала чаба жааган кардан бетин корголоп келаткан ит короосуна жетээрде атайы токтоп бир сыйра карап алды, ар дайымкыдай чырагы өчүп, оту жагылбай калган ээсиз үйү аңгырап турат. Башын шылкыйта басып кайра жолун улады. Короонун бурчундагы жыйылган отундун арасына кирип бүрүшүп жатып калат. Ызгаар күчөгөн сайын жолбун иттер менен тамак талашам деп жарадар кылган буту сыздап жанын койбоду. Күндүз тентип жүрүп араң таап жеген тамагы түзүк тойгозбой ач курсагы же уйку бербейт. Ит көпкө дээри ойлуу жатты. Ал адатынча үй ээлеринин кайтып келүүлөрүн эңседи, алардын жапырт мекенден алыс кеткенине көп убакыт болгон. Ошондон бери сары ит кароосуз калып, аргасыз тентимиш болду, бирок өз үйүн мурункусундай ишенимдүү кайтарып чоочун кишин жолотпойт.

    Түн борошологон кар менен уланды. Сары ит түш көрөт,жаз келип күн жылыган, жашыл жер кадимкиси ак гүлдөргө оронгон. Ооба,ал жазды чыдамсыздык менен күтүп жүргөн, жылдын бул жылуу мезгили менен катар үй ээлери кайтып келчүүдөй эле сезиле берет. Сары итти баары тең туш-туштан эркелете чакыра беришти, ал так секирип ойноп жүрөт. Бул таттуу түштүн ортосуна «тарс»эткен үн кыпчыла калбаганда дурус болмок. Кулагын тикчийтип ит бир саамга айлананы тыңшап калды, суук ышкырып кар баягысындай эле жаап турат. Үндүн кайдан чыканы белгисиз, башын бутуна жөлөп кайрадан жатып калды. Ушул тапта анын эсине бир окуя кылт дей түштү. Өткөн жылы кышта жаңы жыл түнү ал бейкапар эле жүргөн, бир убакта «тарс-турс» үндөр дүңгүрөп, жарк-журк тарсылдагычтар баш айлантып, жер астын-үстүн болуп кеткендей, заманасы кууруп сары ит баш оогон жака качып жөнөгөн, туш келди бир үйдүн төрүнө чейин кирип барыптыр, гилтейген итти көрүп чочуп кеткен үй кожойкеси мештин көсөсү менен башка бир чапканы эсинде.

  Күн өткөн сайын кабыргасы эсептелгидей арыктады, жарадар бутун үшүк урду. Тамак издеп жегенге араң кыймылдамыш болот, арсылдап үрүп короосун мурдагыдай кайтара албайт. Адамдардыкындай эле бу иттердин да тагдыры ар кандай болот тура, башкалары курсагы ток, багаары бар бейкапар жашаса, сары итке окшогон байкуштарды кароосуз таштап кетишкен.

    Бир күнү айылды түрөө кыдырып каардуу ит атаар пайда болду, ал кутурма жана башка ооруларды алдын алуу максатында мойнунда жиби жок жолбун иттердин чекеден күнүн бүтүрчү. Түрү бузулуп, өңдөн азган байкуш сары ит да ага бетме-бет келди. Акылдуу ит дароо сезди, аксаңдап адатынча короосуна жүгүрдү «тарс»эткен ачуу үн заматта көзүн караңгылаштырып жиберди, бытырап ийип кайра турду да сүдүрөлө алдыга жыла баштады, ит атаар экинчи жолу мылтыгын мээлеп бирок аткан жок. Сары ит араңдан короосуна жетти, эмнегедир көңүлү тынчый түштү. Ал үчүн эми жаз менен күткөн үй ээлери өмүр бою кечигип келбей калгансыйт.

Тойчиева Айжылдыз

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *