Таластан чыккан шумкар!

Ооба, шумкар дегенимдин жөнү бар. Анткени ителгинин эң алгыры, уядагы жалгыз кыраан шумкар деп аталат.
Азырынча Талас оданынан бирден бир чыгаан оюнчу Урмат Капар уулу. Башка оюнчулар бар деңиздерчи, бирок чоң волейболдо азырынча ушул спортчу.
Кичи пейил, адамгерчиликтүү жигит Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылында туулган!

Окуучу мезгилдеги алгачкы машыктыруучусу Абразаков Тыныстан агай. Окууга борборго келгенден тартып маркум Аманжол Олжобаевдин колунда тарбияланып, «Жалын» клубунун намысын коргогон. Казакстандын «Алтай» клубунда эки сезон оюн көрсөтүп келүүгө жетишкен. Буга маркум А.Олжобаевдин салымы чоң.
Учурда А.Анкудиновдун насаатчылыгы астында «Салам-Алик» клубунун намысын коргойт.

Абдан тез, техникасы күчтүү спортчу. Диагоналда да, доигровкада да эркин ойной алат. Командада лидерликти колго ала алган, кыйын кырдаалда бат чечим чыгара билген, татаалдыкта жол таба алган сапатка ээ.
Оюн талаасында өзүн мыкты алып жүрөт, тартиптүү, токтоо оюнчулардын катарында.
Кыргыз Улуттук агрардык университетин 1-лигада чемпиондукка алып чыккан студент оюнчу. Окуу жайда машыктыруучу Чыңгыз Шааевдин ишенген чабуулчусу.

Ош шаарында өткөн универсиадада жалгыз өзү жеңишти тиши менен сууруп чыгып кетти. Финалда Манас университетинен 2:0 эсебинде жеңилип баратып, оюн нугун өзгөртө алды, натыйжада чемпиондук менен үйүнө кайтышты.
Былтыркы жылы 3-орунду камсыз кылган.

«Абдан аракетчил, тырышчаак, анан бийик адамгерчилик сапаттын ээси. Кайсы позицияда болсун ойной алат. Топ кошууда да, тосмодо да, топ кабыл алууда да аз ката кетирет. Улуттук курамга баш талапкерлердин бири», — дейт клубдашы Жээнбек Абдыйсаев.

21 жашта
Учурда бойдок.
Бою: 186см
Былтыркы сезондун Жогорку лигасынын «Мыкты оюнчу» наамынын ээси.

Урматка кең келечек каалайбыз. Күйөрмандарды кубантып, узак убакыттарга паркетте жүрүүсүн тилейбиз. Алга Ала Тоонун кырааны!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *