Татыктуу эне болсом экен

Нурелим , баатырым,  мырзам! Сенин кең пейил,  мырза пейил болуп чоңоюшуңду каалайм,  балам! Анан да сага татыктуу эне болууга аракеттенем! Кылыктарың көбөйүп бир ширин болуп баратасың. Сөөмөйүңдү көрсөтө баштадың, сөөмөйүң менен пультту,  телефонду баскылайсың: бизден көргөнүңдү жасап атасың да э, балам. Кечээ бир нерсеге сүйүндүм: столго отургузсам эле кармап алып басып жөнөдүң шашып, столдун тиги бурчунда конфет турган экен, ошогобу десем жок, анын жанындагы эжеңдин дептер , ручка,  китептерине экен. Барып эле нусканы алып дептерге чийгилей баштадың . Илимге куштар , билим алууга, жаңы нерсе үйрөнүүгө ынтызар болосуң го деп сүйүндүм , чырагым!

Анан да кол булгалап коштошконду үйрөндүң. Ж, г тамгаларына жакын тыбыштарды айтасың.

Асия Сейдалиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *