Эстелик университет

Бир кезде баласы үчүн эстелик катары тургузулган университет бүгүн дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайы, көптөгөн Нобель сыйлыгын алган дүйнө мыктыларынын билим журту. Кичи пейил Леланд менен Жейн Стэнфорддор университетти жалгыз уулунун урматына ачып жаткан учурда: “Калифорниянын бардык балдары – биздин балдарыбыз болот”,- деп айткан. А азыр Калифорниянын эле эмес, дүйнөнүн балдары бул бактылуу инсандардын балдары болуп кала берди. Илим-билимди кадырлаган, окусам деген зирек жаштар үчүн дүйнөнүн эшиги ачылып турган кезде, сиз да Стенфорд университетинен билим алып калгыңыз бардыр.

Жупуну көйнөк, бозоргон костюм…

Жупуну көйнөк кийген аял жана анын жөнөкөй эле костюм-шым кийген күйөөсү поездден түшүп калышты да, Бостондогу Гарвард университетинин президентинин кеңсеси тарапка жөнөштү. Аларды кабыл алуу мөөнөтү деле макулдашылган эмес эле. Катчысы сырткы келбетин бир карап туруп өзүнчө бүтүм чыгарып койду: “Мындай элеттиктерге Гарвардда суутуп коюптурбу?”

— Ал бүгүн такыр бошобойт.

— Биз күтөбүз.

Катчы бир топ убакыт өткөнчө акыры тажаганда чыгып кетишет дегенсип аларга көңүл бурбады. Бир топтон кийин тиги жубайлардын көгөрүп кетпесин билген соң, өзүнүн анча деле көңүлү келбей турса да президентке кирип, айтууну чечти.

— Балким сиз тигилерге бир мүнөтүңүздү бөлүп, кабыл алып койсоңуз, акыры кетип калышат беле?

Тигилер кабинетине киргенде аялдын өңү өчүп калган көйнөгүн көргөн президент аларды сүрдүү тиктеп, керсейген кейпинде тосуп алды. Ага кайрылып, аял сөзүн баштап калды.

—  Биздин жалгыз уулубуз бар эле, ал силердин окуу жайда бир жыл окуп, каза болуп калды. Уулубуз ушул окуу жайын абдан жакшы көрчү,  өзүн бул жерден абдан бактылуу сезчү, бирок, тилекке каршы, бир жыл мурун  күтүлбөгөн жерден кайтыш болуп калды. Жолдошум экөөбүз сиздердин университеттин короосунда ага арнап,  бир эстелик коюп коёлу дедик эле.

Президент буга таптакыр кубанганган жок, ал тургай, тескерисинче, ого бетер кыжыры кайнай  баштады.

— Айым, — деди ал, — биз ар бир Гарвардда окуп, анан өлүп калган кишинин урматына эстелик коё бере албайбыз. Биз анте берсек, эмгиче бул жер мүрзөгө айланып калмак.

— Жок-жок, — деп шашып кетти аял,- биз эстелик тургузгубуз келген жок, биз ушул Гарварддын ичине бир жаңы имарат куруп берсекпи дегенбиз.

Президент тигилердин өңү өчкөн көйнөгүн, жупуну костюмун кайра бир сыйра карап алып:

— Корпус? Сиздер билесиздерби, Гарварддын ар бир корпусунун баасы жети миллиондон ашык доллар болорун?

Аял бир саамга ойлонуп, унчукпай калды. Анан күйөөсүнө кайрылып, үнүн акырын чыгарды:

— Бир университетти куруш үчүн ушунча аз эле каражат керек болсо, анда өзүнчө башка университет курсак кантет?

Күйөөсү унчукпай, башын ийкеди.

Гарварддын президенти эмне кылаарын билбей, бушайман абалда калды.

Мистер жана миссис Стенворддор ордунан туруп, кабинеттен чыгып кетишти. Пало Альто деген Калифорниянын жеринде сүйүктүү жалгыз уулунун урматына жаңы университет ачышты.

Стенфорд — темир жол магнаты, АКШ нын сенатору Леланд Стенфорд жана анын жубайы Жейн Стенфорддордун каражатына ачылган. Университетке алардын жалгыз уулу, 1884-жылы 16 жашка жетпей ич келте оорусунан каза болгон кичүү Леланд Стенфорддун наамы ыйгарылган.

Стенфорд университетинин базасы

Университет алгачкы окуучуларын 1891-жылы 1-октябрда кабыл алып, биринчи лекциясы жергиликтүү жашоочулар менен өткөн. 1906-жылы катуу жер титирөөдөн соң, финансылык кыйынчылыктарга тушуккан.

Кампустун проектисин атактуу архитектор, дизайнер Нью-Йорк эс алуу багын долбоорлогон Фредерик Лоу чийген. Стенфорд университетинин 33 квм. жерди ээлеген 700дөн ашуун имараты, 18 белгилүү лабораториясы, илимий борборлору, 24 саат бою иштеген 20 китепканасы, 9,5 миллион китеп фонду, 140 дүкөнү бар. Студенттер символ катары 430 миң түп дарак эгишкен.  

Окутуу системасы

АКШнын башка университеттеринен айырмаланып, күзгү чейрек 14-сентябрдан 12-декабрга чейин, кышкы чейрек 7-январдан 22-мартка, жазгы чейрек 1-апрелден 12-июнга, жайкы чейрек 27-июндан 12-августка чейин уланып, 4 чейрек менен окуу системасы иштейт. Мугалимдик штаты чоң болгондуктан ар 9 студентке, же аспирантка бирден окутуучу туура келет. Бакалавр системасын бүтүргөндөрдүн дээрлик көбү аспирантурага тапшырышат. 

Медициналык, техникалык, экономикалык, юридикалык багытта төмөнкү кесиптердин ээси болушат:

  1. Экономикалык;
  2. Финансы жана бухгалтердик эсеп;
  3. Бизнес жана менеджмент;
  4. Инженерия;
  5. Юриспруденция;
  6. IT, Computer Science;
  7. Эл аралык мамилелер жана саясат;
  8. Табигый жана так илимдер;
  9. Гуманитардык илим;
  10. Биология жана биомедицина;
  11. Социалдык илим.

Илимий жетишкендиктери:

5000ден ашуун илим изилдөө борборлору ачылган. Эгерде, студент идея көтөрсө, колдоо иретинде жыл сайын илим изилдөө үчүн бөлүнгөн 1 млрд доллар акча каражатынан тийиштүү деңгээлде пайдалана алат. Стенфорд университетине тапшырган чет өлкөлүк студенттердин 55 пайызын азиялыктар түзөт. 2013-жылы углероддуу нанотрубкада иштеген компьютер жана Күндөн кубат алуучу батареяларды ойлоп табышкан.

Дүйнөнү өзгөрткөн бүтүрүүчүлөр

Студенттердин санына эмес, сапатына көңүл бурган окуу жайдан 60 Нобель сыйлыгынын лауреаты чыгып, анын ичинде белгилүү жазуучу Джон Стейнбек да бар. Мукеш Амбани — Индиядагы эң алдыңкы компаниянын директору (кирешеси 32 млрд доллар), Кофи Аннан -ООНдун мурунку генереалдык катчысы, Нобель сыйлыгынын лауреаты, Сергей Брин — Googleдун түзүүчүлөрүнүн бири, Бертран Майер — Эйфель программалоо тилинин түзүүчүсү, Филип Найт Nike компаниясынын түзүүчүсү, Риз Уизерспун – белгилүү актёр, продюсер, Герберт Гувер — АКШынын 31-президенти. Дүйнөдөгү ири компанияларды жаратуучулар да Стенфорддун бүтүрүүчүлөрү.

Салтка айланган саамалыктар

Жыл сайын Калифорния университети менен фудболдук мелдеш өткөрүшүп, ал «Чоң оюндар окуясы» деп аталат.

Жыл бою окуган студенттер сессияга бир жума калганда түнү менен китепканаларда калып даярданышат. Сессияга даярданган студенттерге университет тарабынан түн оогон кезде тамак берилет. Бул адат «Түн оогондо тамактануу» деп аталып калган.

Студенттердин спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк олимпиадада жеңишке жетишкенде гана фантанга түшүп майрамдоосу салтка айланган көрүнүш.  

“Эркиндиктин шамалы согот”

Стэнфорддо Нобель сыйлыгын алган окутуучулар сабак бергендиктен, дүйнөнүн ар кайсы жагынан эң мыкты делген студенттер келип окушат.

Стэнфорддо окуган студентке сапаттуу, дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде конвертация (таанылган) болчу диплом берилет.

Тарыхта алгачкы жолу магистрдик окуу программасы Стэнфорд университетинде ачылган. Билимдин сапатына чоң салым кошкон илимий изилдөө иштерин байма-бай өткөрүп турушат.

Студенттер сабакка велосипед менен келишет. Атайын чоң аянтты ээлеген велопарк бар. Анда күнүнө 13000 велосипед коюлат.

90% бүтүрүүчүсү 1 айдын ичинде кыйынчылыксыз жумушка орношушат жана эмгек акысы АКШнын башка ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнө салыштырмалуу жогору болот.

Кыштын суук түндөрүндө Стэнфорддун лабиринти болгон жер түбүндөгү өтмөктөн түнкү чуркоо аябай белгилүү. Студенттердин ден соолугу үчүн өтмөктөр жылуу аба менен толтурулат.

 “Эркиндиктин шамалы согот” —  ЖОЖдун девизи. Бул сөз Ульриха фон Гуттендин чыгармасынан алынып, окуу жайдын көз карандысыз экенин жана аялдардын теңдигин коргоо максатын көздөйт.

Даярдаган: Өмүркан Алимбек кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *